Жаңылыктар
М. Абылгазиев жетектеген өкмөттүн ишке киришкенине 100 күн болду
Саясат
М. Абылгазиев жетектеген өкмөттүн ишке киришкенине 100 күн болду

Жол оңдоо сындуу инфраструктураны жакшыртуу өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынан. Мына ушул аткаруу бийлигин жетектеген премьер Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн ишке киришкенине 100 күн болду. Үч жарым айга чукул убакыттын ичинде өкмөт мурда башталып аягына чыкпай калган иштерди колго алып, жаңы реформаларга кадам таштады. Экономиканын туруктуулугун сактап, жеке эле ЕАЭБ эмес үчүнчү мамлекеттерге да экспорттун көрсөткүчүн көбөйттү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматына 20-апрелде киришти жана дароо экономиканы өргө тартуу, аймактарды өнүктүрүү, коррупцияны жоюу, социалдык көйгөйлөрдү чечүү, туризмди жакшы нукка салуу, кирешени адалдоо, бизнести коргоо жана колдоо сыяктуу кеңири багытты камтыган “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасын сунуштады.

Жүз күндө программадагы белгиленген максат-милдеттин баарын аткарып жетишүүгө мүмкүн эмес. Ошентсе да Өкмөт башчынын башкы талабы саясатка аралашпай, сөздөн ишке өтүү болду. Мындан улам азыр өкмөт күнү-түнү менен чарбалык маселелерди чечүүнүн үстүндө. Жүз күндө аткарылган иштердин алгачкы жыйынтыктары да байкалаарлык. Аймактарды өнүктүрүү жылында өкмөт башчы облустарды кыдырып, элетте элдин турмушу менен таанышууда.

Аймактын экономикалык абалы жакшырса, өлкөнүн экономикасы чың болору бышык. Бул жагынан алып караганда “Кепилдик фонддун” жардамы чоң болууда. Фонддун жардамы менен бизнесин илгерилетүүгө банктан насыя алган ишкерлердин көбү аймактардан. Мындан улам бир ай мурда өкмөт башчынын токтому менен Кепилдик фонддун капиталы 300 миллион сомго көбөйтүлдү. Бул да болсо ишкерлерге буттан турууга дагы кошумча шарт.

Абылгазиев жетектеген өкмөт экономикалык абалды туруктуу сактай алды. Инвесторлор менен тыгыз байланыш түзүү багытындагы аракеттер да жаман эмес. ЕАЭБ жана үчүнчү мамлекеттерге экспорттук көрсөткүчтөр боюнча да өсүш бар. Санкт-Петербургда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында баяндама жасалып, анда былтыр Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия менен Казакстанга экспорттун көлөмүн көбөйткөнү белгиленди. Бул негизинен айыл чарба азыктары жана кийим-кече. Ошол эле учурда үчүнчү мамлекеттерге да экспорт көбөйүп жатат. Бул аракетти да өкмөттүн ишиндеги натыйжа катары белгилесе болот-дейт талдоочулар.

Кыргызстан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун үстүндө. Өкмөт долбоордун документтерин толук иретке келтирди. Техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. “Коопсуз шаар” боюнча долбоорду ишке ашырууга жалпы наркы 2,5 миллиард сомдон ашыгыраак суммага тендер жарыяланды. Бул каражатка 90 жерге фото жана видео байкоо жабдуулары орнотулат. Сынак тууралуу маалыматтар мамлекеттик сатып алуулар порталында да бар. Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин билдирүүсүндө, шаар ичиндеги 38 кесилиште жана аймактагы жолдордун 52 жерине видео байкоо орнотулат. Ал эми жүзөгө ашырууда бул долбоор ийгиликтүү ишке ашкан мамлекеттердин тажрыйбасы иликтенүүдө. Анын бири Грузиянын Коопсуз шаар, коопсуз аймак жана коопсуз өлкө долбоорун колдонсо болот.

Жакынкы аралыкта өкмөт алдына так максаттарды аныктады. Анын башкысы бизнес, инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу. Бул жагынан ишкерлерди текшерүүгө эки жылга чейин мараторий киргизүү каралууда, аймактарда ишкерлерди тейлөө борборлору түзүлөт, инвестициялык жеңилдиктерди берүү жагы да караштырылып жатат. Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө жана бекитүү жол-жоболору жеңилдетилет. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу иштери ыкчамдатылат. Экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө басым жасалат.