Жаңылыктар
Кадамжай районунда авиабомба табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кадамжай районунда авиабомба табылды

Кадамжай районундагы Миң-Чынар айылында ФАБ-100 түрүндөгү 20 авиабомба табылып, жардырылып, жок кылынды. Ага карабастан, куралдуу күчтөрдүн тобу дагы да издөө иштерин улантып жатат. Аталган аймак союз мезгилинде авиа бомбаларды сыноочу аянтча болуп тургандыктан, жарылуучу заттар ушул күнгө чейин табылууда. Калдыктар ээн талааларда гана эмес, үй бакчаларынан да табылууда. 

Кадамжайдын Миң-Чынар айылынын тургуну Айыпжан Нишанкуловдун үйүнөн бир ай мурда 100 кгдык авиабомба табылган. Бактыга жараша, эч кандай жаракат алган эмес. Бирок, эми кооптонуп жашап калдык дейт.

Аталган аймак союз мезгилинде авиабомбаларды сыноочу аянтча болуп тургандыктан, андагы жарылуучу заттар азырга чейин табылып келет деп билдирди жергиликтүү бийлик. Учурда элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кооптуу жайларга эч ким баспайт экен.

Авиабомбалар табылган аянтка жаңы конуш түзүлмөк болуп, элге жер тилкелери да берилген. Бирок, бомбалар табылгандан тарта, андагы 500 миң чарчы метр аралыгы кооптуу деп табылып, көзөмөлгө алынган жана анын 50 миң чарчы метринен эле 

Учурда калктуу конуштарды тазалоо баштала элек. Бирок, бомба көп табылган аянттарда үзгүлтүксүз издөө иштери жүрүп жатат. Ал эми табылган бомбалардын көпчүлүгү 100кгдык болуп чыкты. Бул бомбаны темир менен уруп, же кеспесе жарылбайт. Бирок, өтө кооптуу. Кантсе да кооптуу аймактар көзөмөлгө алынган. Демек, чочулоого кажет жок.