Жаңылыктар
Ошто заманбап үлгүдөгү кийим тигүүчү фабрика ишке кирди
Аймак
Ошто заманбап үлгүдөгү кийим тигүүчү фабрика ишке кирди

Ош облусунда заманбап үлгүдөгү кийим тигүүчү фабрика ишке кирди. Бул үчүн ишкер Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алган. Азыр ишканада 100 жумушчу иштеп жатат. Келээрки айдан тартып, мында иштегендердин санын 300гө жеткирүү мерчемделген. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жүрүп жаткан.

Кандайдыр бир маяна төлөнүүчү жана мынча көп адам менен ишканада иштеп калам деп ойлобогонун айтат Надира. Жогорку билиминин жоктугу аны көп максаттардан чектеп келген. Үйүндө жакындарынын бирин-экин кийим -кечесин оңдогону гана болбосо, үй оокаты менен алектенип, жолдошунун тапканын үнөмдөгөнгө аракеттенчү.

Фабрикадагы жумушка Ош шаарынын гана эмес, облустун да жашоочулары тартылган. Кара-Суулук Айсалкын апанын пенсия курагы анын ишине тоскоол боло албайт. Табиятынан бош отурганды жактырбаган эне балдарын да тынымсыз аракеттенүүгө трабиялаганын айтат.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жеке ишкер тарабынан ачылган ишкана 300 жумушчу орунга ылайыкташкан. Азыр 100дөн ашуун адам эмгектенүүдө. Бул үчүн ишкер Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 9 млн сом насыя алган.

Каржылоонун биринчи этабында бөлүнгөн каражат заманбап техникаларды сатып алууга кеткен. Автоматташтырылган жабдыктар компьютердин жардамы менен башкарылат.

Мындай техника сапатты гана камсыздабастан убакытты да үнөмдөйт.

Жабдыктарды иштетүүдө айрымдарына атайын билим зарыл болсо, айрымдарына шык менен дилгирлик керектелет. Кездемеге оймо түшүрүп жаткан Шумкар ишканага атайын сынактан тандалып алынган.

Жыл башынан тартып, Ош шаарында бул сыяктуу төрт долбоор жактырылып, экөө ишке ашты. Соңку алты ай аралыгында калаага 70 млн доллар көлөмүндө инвестиция тартылган.

Быйыл Ош шаарына 10 жаңы ишкана куруу мерчемделген. Муну менен кошумча 300дөй жаңы жумуш орунун түзүү каралган. Ош шаарында бүгүнкү күндө жарым миллиондон ашуун калк жашайт.