Паспорт алууда жарандарга тийиштүү маалыматтардын жетишсиздиги бир катар ыңгайсыздыктарды жаратууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Анын себебинен борбор калаадагы Калкты тейлөө борборунда кезек күткөндөр көп.
Бирок учурда документ алууда, жаңы ыкма боюнча жарандар убактылуу жашап жаткан дареги боюнча эле каттоо кызматына кайрылып, паспорт алып,никеге туруу документтерин бүтүрө алышат. Мындан тышкары, жарандар паспортту үйгө жеткирүү кызматынан да пайдалана алышат.
Деги эле паспорту жоголуп, же алмаштырууга туура келсе кандай документтерди топтоп, жарандар каякка кайрылышы керек?
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"