Оңдоо иштерине байланышуу Манас проспектисинин Бөкөнбаев көчөсүнөн Горькийге чейинки бөлүгү жабылды.
Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, ремонт иштери бир айга чейин уланып, 28-августта аяктайт. Мамлекеттик каттоо кызматына Горький көчөсү тараптан кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ошондой эле 2-августтан тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн Баялинов жана Боталиев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү да жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.
Бул иштер ушул жылдын октябрь айына чейин уланып, альтернативдүү жол катары Орозбеков көчөсү пайдаланылат.