Жаңылыктар
Ошто жаңыдан курула турган социалдык объектилердин долбооруна болгон талап күчөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто жаңыдан курула турган социалдык объектилердин долбооруна болгон талап күчөтүлөт

Мындан ары Ош шаарына жаңыдан курула турган социалдык объектилердин долбооруна болгон талап күчөтүлөт. Буга калаадагы Ломоносов атындагы орто мектепке салынып жаткан кошумча имараттын курулушунун долбоорунун чийкилиги негиз болгон. 

Алсак, 500 окуучуга ылайыкташып курулуп жаткан мектептин окуучулар үчүн ашканасы менен агынды суу үчүн түтүктөрү унутта калып кеткен. 1928-жылы курулган мектеп мындан бир нече жыл мурун эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариялык абалда деп табылгандыктан, башталгыч класстын окуучулары үчүн кошумча корпус курулу баштаган. 

Үч кабаттан турган объектинин наркы 40 млн сомду түзүп, ал мамлекет тарабынан каржыланган. 250 окуучуга ылайыкташкан мектепте билим алуучулардын саны 2 миңден ашкан. Натыйжада, билим уясында төрт нөөмөт менен сабак өтүлүп келген. Калаа бийлиги кетирилген кемчиликтерди иретке келтирүү үчүн курулушту жүргүзүп жаткан компанияга эки ай убакыт берди.