Жаңылыктар
Ошто эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби сайын майрамдык иш-чаралар өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби сайын майрамдык иш-чаралар өтөт

Август айынан баштап Ош шаарында эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби сайын майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, шаар тургундары жана конокторго эс алуу бактарында Ош шаардык маданият башкармалыгы, музыкалык мектептер, балдардын чыгармачылык борборлору, театр кызматкерлери тарабынан концерттик, оюн-зоок программалар тартууланат. 

Ошондой эле спорт мелдештери уюштурулмакчы.