Жаңылыктар
"Mamtil.kg" сайтына кирип иш кагаздардагы мүчүлүштүктөрдү жоелу
Билим
"Mamtil.kg" сайтына кирип иш кагаздардагы мүчүлүштүктөрдү жоелу

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин абалына мониторинг жүргүзүлгөн. Мониторингдин жүрүшүндө мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иши кагаздарындагы бир топ мүчүлүштүктөр болуп жаткандыгы маалым болгон. Анын негизги себеби, кызматкерлердин колунда колдоно турган сөздүктөрдүн, колдонмолордун ж.б. жоктугу.

Ошондуктан ар бир мамлекеттик орган расмий сайттарына КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын "mamtil.kg" сайтынын шилтемесин жүктөп алышып, аны пайдаланып иш алып барса кетип жаткан каталар, кемчиликтер акырындык менен туура багытка бурулары анык. 

"Mamtil.kg" сайтынын китептер бөлүмүндө жүктөлгөн илимий эмгектер, терминдер, сөздүктөр, усулдук колдонмолор, энциклопедиялар ж.б. ар бир мамлекеттик кызматчыга көмөкчү курал болуп бере алат.