Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди
Аймак
Жалал-Абад облусунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кара-Ой айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Мындагы курулуш ишине 14 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. 

Ишке берилген балдар бакчасы наристелердин табитине жараша жасалгаланып, заманбап жабдуулар менен камсыз болгон.

Курулган балдар бакчасы Кара-Ой  айылы Могол айыл өкмөтүнө карайт. Мындагы курулушту тендерден утуп алышкан Оштогу капиталдык курулуш башкармалыгынын куруучулар бүткөрүштү. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"