Жаңылыктар
Пенсиянын өлчөмү көбөйүшү мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Пенсиянын өлчөмү көбөйүшү мүмкүн

Быйылкы жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу жана базалык бөлүгүнүн өлчөмүн жогорулатуу каралууда. Өкмөттө бул шартты бекемдеген токтом долбоору иштелип чыккан жана учурда коомдук талкууда. Пенсияны индексация коэффицентинин негизинде көтөрүү жагы каралууда. 

Бул эсеп орточо айлык акынын жана баалардын өсүшүнүн орточо көрсөткүчүнөн алынат.