Күнөстүү Ош облусунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо 58 пайызга жетип калды. Бышымчылык алгачкылардан болуп орун алган Араванда бул өнөктүк 100 пайызга жыйынтыкталса, тоолуу Чоң-Алай өрөөнүндө буудай, арпа али быша элек.
Азыр оруп-жыюу өнөктүгү Өзгөн районунда жаңыдан гана башталды. Ал эми , облустун борборунан 350 чакырым ыраакта жайгашкан тоолуу Чоң-Алай өрөөнүндө бул өнөктүк али баштала элек.