Жаңылыктар
Жемкорлордон алынган каражаттарды кайтаруу иштери уланууда
Коррупция
Жемкорлордон алынган каражаттарды кайтаруу иштери уланууда

Мамлекетке түшүүчү каражатка кол салып пайда көргөн жемкорлордон алынган каражаттарды кайтаруу иштери токтоосуз уланууда. 3-июлда өкмөттүн токтому менен Каржы министрлигинин алдында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылып, ага Башкы прокуратура, Финансы полициясы, УКМК жана Ички иштер министрлиги өндүрүлгөн акчаларды которууга укуктуу.

Атайын эсепке акча которгон күч түзүмдөрүнүн катарын Финансы полициясы толуктап 63 миллион сомдон ашык каражат которду. Бул экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы соңку мезгилде бир катар чуулгандуу иштердин бетин ачып, көмүскө схемаларды ашкерелей алды.
Бийлик жемкорлордун тамырын кыркуу максатында күрөштү күчөткөнү, миллиондогон акчаларды кымырып алуу фактылары ачыкка чыгып отурат. Жөжөнү күздө санайт демекчи, дагы кандай былык иштер аныкталып, эсепке которулган акча көлөмү кандай сумманы көрсөтөт убакыт көрсөтөт.