Жаңылыктар
Тажикстанда туристерге карата жасалган терракт коомчулуктун назарын бурууда
Кылмыш
Тажикстанда туристерге карата жасалган терракт коомчулуктун назарын бурууда

Тажикстанда чет элдик туристерге карата жасалган терракт коомчулуктун назарын бурууда. Кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары тажик күч органдары тарабынан жок кылынып, бир нечеси колго түштү. 

29-июлда Тажикстанда велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун машина менен сүзүп жана бычактап өлтүрүшкөн. Андан АКШнын эки жараны, жана такталбаган маалыматтар боюнча бир Нидерландык жана бир Голландиялык турист каза болгон.Тажикстандын Ички иштер министрлиги бул кол салуунун артында өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, экстремисттик деп табылган "Ислам кайра жаралуу партиясы" турганын кабарлады. 

Коомчулукта Тажикстандагы бул окуядан кийин Сириядагы экстремистик топтор Орто Азияга оодубу? Чөлкөмдөгү кайсыл мамлекеттер кезектеги террактан сактанышы керек деген суроолор ортого салынууда. Деги эле коңшу мамлекеттеги окуя Кыргызстандын туризм тармагына кандай таасир этиши мүмкүн? Коопсуздук маселе кандай?

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"