Жаңылыктар
Бишкекте №2 троллейбустун каттамы жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте №2 троллейбустун каттамы жанданды

Троллейбус 2-августтан тарта жүрө баштады. Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынан маалымдашкандай коомдук транспорт Аламүдүн районунан "Фрунзе" заводуна чейин каттайт. 

Учурда Салиева көчөсү оңдоо иштери үчүн жабык болгондуктан, каттам "Фрунзе" заводунан Лермонтов жана Жибек Жолу проспектисине чейин кыскартылды. Андан сырткары, 1-августтан тарта Манас проспектисинин Бөкөнбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыктан, №11 троллейбус оңдоо иштери аяктаганга чейин токтотулду.