Жаңылыктар
Кыргызстанда гемодиализ алгандар көбөйүүдө
Ден соолук
Кыргызстанда гемодиализ алгандар көбөйүүдө

Кыргызстанда 1 миң 171 киши гемодиализ алышат. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, күн сайын бюджеттик гемодиализ алуу үчүн жаңы кайрылуулар келип түшүүдө. Ушул жылдын 14-майында жеңилдетилген дарыланууга 120 киши которулган. 25-июлда дагы 14 киши кошулду. Бюджеттик негизде процедурадан жалпысынан 539 оорулуу өтөт. Ал эми 632 бейтап жеңилдетилген дарыланууга которулган. 

Маалымдалгандай, гемодиализдин бир процедурасы 5 миң сомго жакын. Анын көпчүлүгү медициналык камсыздандыруу фондунун каражатынын эсебинен жабылат. Бейтап 500 сомду гана төлөйт.