Жаңылыктар
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынды
Кылмыш
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынды

Мурдагы премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жана жакындарынын үй мүлкү камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен тастыкташкандай, анын ичине Сатыбалдиевдин жубайы жана уулдарына катталган 9 жер тилкеси, 2 турак үй,12 авто унаа жана дагы бир нече мүлк кирет. 

Сатыбалдиевди жакындан тааныгандар анын акыркы кезге чейин мамлекеттик кызматтарда гана иштеп келгендигин айтышып, ишкерлик менен эч качан алектенбеген атка минер ушунча кантип байышы мүмкүн деп таңдануусун жашырышпады. Айрым талдоочулардын баамында, Сатыбалдиев  ар дайым майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп отурган. Байлыгы мындан дагы көп болушу мүмкүн. 

Экс-премьер-министр быйыл кыш айында Бишкек жылуулук борборундагы авария боюнча айыпталып, июнь айында камакка алынган эле. Учурда  бул боюнча иликтөө, тергөө иштери жүрүп жаткан кез. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"