Жакшы жашоо издеп башка өлкөгө барган үй-бүлөлүк дарыгерлер бүгүн ал мамлекеттин мыкты адистери. Медицина тармагында 20 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенген мекендешибиз Аида Султанова Россиянын “Мыкты дарыгер-2018” сыйлыгына ээ болду.
16 жылдан кийинки жолугушуу. Бишкектеги 12-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда Аида Султанованын 5 жыл эмгеги калган. Азыр дарыгерлик ишин баштаган ооруканага келди. Албетте, жумуш үчүн эмес, кесиптештеринен кабар алып, мурда иштеген жерин көрүп, эски күндөрдү эстеп, ошол эле маалда кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүшүп турган чагы.
Аида Султанова Орусиянын Новосибирск облусунун Кыштовская райондук ооруканасынын терапевти. Быйыл Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги уюштурган “Мыкты дарыгер-2018” сынагында экинчи орунга ээ болду. Былтыр ушул эле сынакта Новосибирск облусунун мыкты дарыгери аталган. Чоң мамлекетте жөн гана иштебей, чоң ийгилик дагы жараткан Султанованын сыйлыгын кесиптештери кубанып кабыл алышты.
Мыкты дарыгердин жолдошу да медицина кызматкери. Экөө чогуу 16 жылдан бери Кыштовская райондук ооруканасында эмгектенип келишет. Жолдошу реаниматолог. Экөө тең билимди Бишкектеги медициналык институттан алышкан.
Ден соолук сакчылары 11 миң калкы бар Кыштовка районунун элин дарылоо менен бирге 3 уул, бир кызды тарбиялап келишет. Улуусу юридика илими боюнча билим алса, экинчи уулу ушул жылы медициналык институтка окууга тапшырып, ата-энесинин жолун улантууга бел байлаган. Султановдордун үй-бүлөсү аталган сыйлыкты жыл аягына чейин Москвада өкмөт үйүндө чоң салтанат менен алабыз деп турушат.