Жыл башынан бери аскердик милдетин өтөп жаткан 3 жоокер өз өмүрүн кыйды. Муну адистер жоокерлердин моралдык жана физикалык жактан алсыздыгы менен байланыштырат. 2 күн мурун Ленин райондук сотунун имаратында кылмышкерди коштоп келген жоокер, дааратканага кирип өз өмүрүн кыйган. Жоокер тез жардам кызматы келгенге чейин көз жумган.
Окуя саат 15:43тө болуп, тез жардам унаасы келгенге чейин жоокер көз жумган. Ленин райондук милициясынын ыкчам-иликтөө тобу менен Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун кызматкерлери иликтеп жатат. Окуянын чоо-жайы жана себептери тактала элек. Өз өмүрүн кыйган жоокер күзөтүү жана кайтаруу департаментинде ушул жылдын апрель айынан баштап кызматын өтөй баштаган.
Иликтөө иштерине байланыштуу жоокердин аты-жөнү айтылбайт. Кызматын чогуу өтөп жаткан жоокерлердин айтымында өмүрүн кыйган жоокер токтоо мүнөз, тартиптүү болчу. Анын бул кадамга барганын баары сестенүү менен кабыл алды. Сөөгү кичи мекенинде жерге берилди.
Бул жыл башынан бери аскердик кызматын өтөп жаткан жоокердин өз өмүрүнө кол салган үчүнчү окуя. Бири октолуп турган автоматты колунан түшүрүп ийсе, экөө атайылап өзүн аткан.