Жаңылыктар
Медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу каралууда
Ден соолук
Медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу каралууда


Октябрь айынан тарта медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу каралууда. Азырынча биринчи баскычта үй-бүлөлүк дарыгерлер менен мед айымдардын маянасын көтөрүү боюнча жумуштар ыкчам жүрүп жатат. Сыйлык же дем берүүчү кошумча каражат, ишинде мыкты жыйынтыкка жетишкен ак халатчандарга берилет. 



Өкмөт учурда күз айларынан тарта медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу үчүн кошумча каржы булактарын караштырууда. 

Биринчи баскычтагы жарандардын ден соолугуна кам көргөн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген дарыгерлердин жана мед айымдардын маянасы жогорулатылат. Тактап айтканда айлык акысына кошумча каражат кошулуп берилет.