Жаңылыктар
Таласта кылкандуу дан эгиндерди жыйноо иштери 70 пайызга аяктап калды
Айыл чарба
Таласта кылкандуу дан эгиндерди жыйноо иштери 70 пайызга аяктап калды

Таласта кылкандуу дан эгиндерди жыйноо иштери 70 пайызга аяктап калды. Буудайдын баасы төмөн болгондуктан, дыйкандар аянтын кеңейтишпейт . Ошондуктан, суу жетпеген, кайрак жерлер же суу тартыш жерлерде гана буудайлар эгилген.


Бакай-Ата районунунда эки айыл аймакта суу тартыш көйгөйү бар болсо, анын бири ушул Шадыкан айыл аймагы. Мында 2 жарым мин айдоо жери бар. Анын миң гектардан ашык аянтына суунун жетиши кыйын. Ошондуктан, суу тартыш жерлерге минтип, көп жылдык чөп, кылкандуу дан эгишет.

Антсе да, кылкандуу дан эгиндерди мал-жанга тоют топтогон малчылар алып кетишет. Кылкандуу дан эгин Бакай-Ата району боюнча 100 гектарга айдалган. Негизи Таласта ушул күндөргө карата оруп-жыйноо иштери алгач, жаратылыш шарты ысык Манас районунда 1 ай мурун башталган.