Бишкектин көчөлөрүндө тоскоолдук жараткан айдоочулар менен күрөш баштаган жаңы кызматтын иши үзгүлтүккө учурап отурат. Жыл башында шаар ичинде эвакуаторлор пайда болуп, туура эмес жерге токтогон унааларды жүктөп кетип чара көрө баштаган болчу.
Ал ортодо жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер айдоочудан айып пулга деген акчаны сол чөнтөккө салып кармалып, жыйынтыгында жаңы ишке кирген ыкма солгундаган.
Борбордук көчөлөрдө “Токтотууга болбойт!” - деген жаңы белги пайда болгонуна 8 айга аяк басты. Бирок соңку учурда мындай эскертүүгө карабай жол боюна унаалар толуп калган. Анткени эвакуаторлор жок. Маселенин учугу пара алган инспекторго такалат. Тагыраагы, эреже бузган айдоочулардан айып пулга деген акчаны протокол түзбөстөн "колго" алып турушкан.
Белги коюлгандан баштап күнүнө 60га чукул унаа жүктөлүп келсе, өткөн айда болгону 250 унаа токтотулган. Шаарда ар бир районго 2ден эвакуатор бөлүнгөн. Бирок инспекторсуз алар өз алдынча иш алып бара албайт.