Жаңылыктар
"Азия" зонасынан 12 команда иргелди
Спорт
"Азия" зонасынан 12 команда иргелди

2018-жылы Орусияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпионатына "Азия" зонасынан 12 команда иргелип алынды.

Дүйнө Чемпионаты - 2018дин экинчи этабына тайпалардын 8 жеңүүчүсү жана 2-орунду ээлеген мыкты 4 команда чыкты.

"В" тайпасында Кыргызстандан 2 упай алдыга озуп кеткен атаандашыбыз 2 - орунду ээлеген Иордания курамасы 4 мыкты команданын катарына кирбей калды.

Мындан тышкары 12 курама команда Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия Кубогу-2019га түз жолдомо алышты, ошондой эле Дүйнө Чемпионаты - 2018дин экинчи тандоо турунда күрөштү улантышат. Анда 2 тайпада алтыдан команда ат салышат.

Азия чөлкөмүнөн Дүйнө Чемпионаты - 2018ге 4 курама команда жолдомо алат. Дагы бирөөсү интерконтиненталдык плей-оффко катышат. 

Дүйнө Чемпионаты-2018дин экинчи тандоо этабына өткөн командалар:

Сауд Аравия, Австралия, Катар, Иран, Жапония, Тайланд, Түштүк Корея, Өзбекстан, Ирак, Сирия, БАЭ, Кытай.

Ал эми "В" тайпасында 3-орунду ээлеген Кыргызстан курамасы 2017-жылы жаз айларында Азия кубогунун үчүнчү баскычтагы тандоо оюндарына катышат.

Кошумчалай кетсек,  “В” тайпасынын мелдеш жадыбалында 1-орунда  Австралия 21 упай, 2-сапта Иордания 16, Кыргызстан 14, Тажикистан 5 жана  Бангладеш 1 упайга ээ.

                                                             Усубалы Мамбетов, "Биринчи радио"