Жаңылыктар
Таласта төө буурчактын башка сорту өстүрүлөт
Айыл чарба
Таласта төө буурчактын башка сорту өстүрүлөт

Таластык дыйкандар быйыл көнүп калган төө буурчак аянттарын кыскартып, кызылча өстүрүүгө маани беришет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдап, кызылчаны өстүрүү жана аны Кайыңды-Кант заводуна ташып келүү жагынан бардык шарттарды түзүп берерин айткан.

Жакында Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев Түркияга барып, жагдай менен таанышып келгенден кийин, ал жактагы ишкерлер төө буурчактын башка сортун өстүрүүгө кызыгып жатышканын билдиришти. Ал Таластык дыйкандар жактырган төө буурчактын лопатка сорту эмес, түстүү сорту. 

Мындай сортту өстүрүүгө Түркиялык ишкерлерден сунуш түшүп, сыноо иретинде быйыл Талас облусунда өстүрүлгөн жатат. Эгерде натыйжасы жакшы боло турган болсо, Түркиялык ишкерлер кийинки жылы дыйкандар менен кызматташып, төө буурчактын дал ушул түстүү сортун сатып алганга кызыгышууда.