Жаңылыктар
Күндүн темасы: Баланы 6 айына чейин эненин сүтү менен багуу керек
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: Баланы 6 айына чейин эненин сүтү менен багуу керек

Жарыкка келген ымыркайга дароо эле кошумча тамак берүү — чоң катачылык. 6 айга чейин эмчек ээмп чоңойгон баланын өнүгүүсү да жакшы болот. Ал өзүнө керектүү витамин-минералдардын баарын ушул эмчектин сүтүнөн алат. Элде сүтү коюу же суюк экен деген түшүнүк бар. Бул баланын өрчүшүнө эч кандай таасир бербейт. Анткени эне сүтү баланын түйүлдүк кезинде эле анын организмине ыңгайлашат, демек, ымыркайдын 6 айга чейинки бардык муктаждыгын коюу же суюк экенине карабай эне сүтү канааттандырат.1-7августка чейин Бүткүл дүйнөлүк баланы туура эмизүү жумалыгы өтөт. Аталган иш-чара дүйнөнүн 170 өлкөсүндө белгиленет. Кыргызстан да  жыл сайын бул жумалыкты өткөрүп, анын алкагында жаш энелерге баланы туура эмизүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Уктурууга Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Узакбаев, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу №14 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы педиатры Салия Жумагулова.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"