Жаңылыктар
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 30 жаштагы аял киши көз жумду
Кырсык
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 30 жаштагы аял киши көз жумду

Бишкек—Ош жолунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык катталды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, 2-августка караган түнү Таш-Көмүр ГЭСтин аймагындагы кырсыктан аял киши көз жумган. Жабырлануучу жолдон өткөн унаалардын жардамында ооруканага жеткирилген. 

Бирок оор жаракаттын кесепетинен көп узабай көз жумган. 

Маркум М.Назина 1988-жылы Ош обулусундагы Алай районунда төрөлгөнү такталды. Учурда бул факты боюнча териштирүү, тергөө иштери улантылып жатат.