Жаңылыктар
Сокулукта ооруканадан жоголгон киши табылды
Ден соолук
Сокулукта ооруканадан жоголгон киши табылды

Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 51 жаштагы Жоомарт Курамаев Беловодск айылынан табылды. Буга чейин Жоомарт Курамаев Сокулук райондук аймактык ооруканада дарыланып жаткан. Ал 1-август күнү ооруканадан жоголуп кеткен. Бул тууралуу агасы Жаныбек Курамаев билдирди.

«Бүгүн, 3-августта болжол менен саат 11:00дө табылды. Эмне болгонун сурасак, ар кайсыны айтып жатат. Нерви, жүрөгү ооруган адамды көп кыйнап сураган жокпуз. Өзүнө келгенде айтып берер», - деди ал.