Жаңылыктар
Кара-Сууда турак үй өрттөндү
Кырсык
Кара-Сууда турак үй өрттөндү

Кара-Суу районундагы турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы. Бүгүн, 3-августта Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу Шарк айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 10:18де ӨКМдин Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, саат 10:20да ӨКМдин Кара-Суу райондук №102 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 10:40та ӨКМдин Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм тартылган. Жалпы 5 бөлүм иштеди. 

Саат 10:55те чектөөгө өрт чектөөгө алынды.