Жаңылыктар
Чоң-Алайда Ленин чокусунун 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алайда Ленин чокусунун 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Бүгүн, 3-август күнү, Чоң-Алай районунда Ленин чокусунун 90 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Майрамдык салтанатка өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр, район акими Жумадилла Жапаров, акимдин орун басарлары, райондогу 3 айыл өкмөттүн башчылары, сырттан келген коноктор жана жергиликтүү тургундар күбө болуп жатышат.

90 жылдык мааракени белгилөө Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан демилгеленген. Салтанаттын журушүндө улуттук ат оюндары, кол күрөш, таяк тартыш, аркан тартыш, күрөш боюнча мелдештер да өтүп жатат. Мындан сырткары айылдык кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү, тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулган. Ал эми конокторду дасторкон үстүндө коноктоп жатышат.

Катышуучулардын арасында чет өлкөдөн келген туристтер дагы бар.

Ленин чокусу Чоң-Алай кырка тоосундагы эң бийик чоку. Бийиктиги 7134 метрге жетип, Кыргызстанда Жеңиштен кийинки экинчи чоку болуп саналат. Чокуга альпинист тер биринчи болуп 1934-жылы чыгышкан.