Жаңылыктар
Кыргызстан “Тянь-Шань форели” менен дүйнөгө таанылса болот
Экономика
Кыргызстан “Тянь-Шань форели” менен дүйнөгө таанылса болот

Кыргызстан “Тянь-Шань форели” менен дүйнөгө таанылса болот. Шаркырап аккан сууга бай өлкөнүн ар бир аймагында экологиялык таза балыктарды өстүрүп, экономиканы көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Ушул максатты ишке ашырам, - деген жаш ишкер балык чарбасын түзүп, продукциясын келерки жылдан баштап Кытайга, андан ары Орусия, Европа мамлекеттерине экспорттойм деп турат.

Майда балыктарды багып, кароо, маалы менен жем берүү Даниярдын милдети.

Балык чарбада учурда 25 адам туруктуу иштейт. Бир жылда балык өндүрүүнүн көлөмүн миң тоннага жеткиребиз деп турушат. Чарбаны кеңейтүү үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алып, кошумча көлмөлөр салынууда. Ошондой эле жакынкы убакытта балыкты сактай турган логистикалык борбор куруу зарыл.

Учурда балык эти ички базарда сатылууда. Логистикалык борбор салынса, келерки жылдан баштап ЕАЭБ мамлекеттери жана Кытайга экспорттоо башталат.