Жаңылыктар
Өкмөт ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүүнү демилге кылууда
Экономика
Өкмөт ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүүнү демилге кылууда

Өкмөт ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүүнү демилге кылууда. Бул жаатта атайын долбоор иштелип чыкты. Анын негизги багыттарынын бири лицензиялык-уруксаат берүү тутумуна байланыштуу.

Ишкерликтин мындай мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачуу үчүн өкмөт жаңы демилге көтөрдү. Текшерүүлөргө эки жылдык мораторий киргизүү сунушталып жатат.

Бирок ишкер чөйрө көзөмөлдөнбөй калат дегенге болбойт. Текшерүүлөр мониторинг же байкоо жүргүзүү түшүнүгү менен алмаштырылат. Өкмөт ишкерликте эреже бузуу катталса дароо жазага тартуу эмес, үйрөтүү, кемчиликтерди жоюга жол көрсөтүү багытында иш алып барылаарын билдирүүдө.

Өкмөт соңку чечимди тиешелүү тараптардын уруксааты менен күз айларында кабыл алууну максат кылып жатат. Аткаруу бийлиги анын пайдасы шаар менен аймактарга тегиз тиет деп билдирүүдө.