Жаңылыктар
Эл аралык кызматташуу
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык кызматташуу

Кыргызстандагы чет элдик мамлекеттердин элчилери президент Алмазбек Атамбаевге ишеним грамоталарын тапшырды. Мамлекет башчысы бүгүн Пакистан, Түркмөнстан, Алжир, Польша, Швеция, Филиппин, Израиль жана Венгрия өлкөлөрүнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. 

Грамоталарды тапшыруу аземинде Алмазбек Атамбаев бүгүнкү күндө Кыргызстандын приоритеттүү багыттарынын бири бул бүткүл дүйнө өлкөлөрү менен достук мамилени бекемдөө экенин билдирди. 

Өлкө башчысы өз сөзүндө, Кыргызстан бардык эл аралык милдеттенмелерди так аткараарын айтып, ошол эле учурда улуттук кызыкчылыктарды бекем коргой тургандыгын баса белгиледи.