Жаңылыктар
Жээнбеков Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алды
Саясат
Жээнбеков Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алды. Анда Кыргызстан менен Индиянын ортосунда эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча пикири алмашуу болду. Мамлекет башчысы Сушма Свараджды жылуу кабыл алып, Кыргызстан Индия менен достук мамилелерди өнүктүрүүнү колдоорун белгиледи. Президент гидроэнергетиканы, саламаттык сактоону, айыл чарбасын жана мамлекеттик органдардын ишмердигине маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды киргизүүнү кызматташуунун артыкчылыктуу тармактары катары атады. 

Ошондой эле соода-экономикалык тармакта жана транспорттук ифраструктураны өнүктүрүүдө тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча пикир алмашышты. Муну менен катар өлкө башчы ШКУга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөндүгүн, мамлекет башчыларынын кийинки жолугушуусу Бишкекте өтөөрүн эске салды. Индиянын Премьер-министри Нарендра Модрини ШКУ мамлекет башчыларынын саммитине катышуу менен айкалыштырып, Кыргызстанга расмий визит менен келип кетүүгө расмий түрдө чакырды. Ал эми Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж Сооронбай Жээнбековду Президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, Циндаодо ШКУнун алкагында Сооронбай Жээнбеков менен эки тараптуу жолугушуусу болгон Индиянын Премьер-министри Нарендра Модринин саламын жеткирди.