Кыргызстан 2019-жылдын башында Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен чыгат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди. Анын айтымында, учурда министрлик зарыл болгон иш-аракеттерди көрүп, бул үчүн атайын план иштелип жатат. "Убагында бизге келген эл аралык аудиторлордун берген актысына тиешелүү жооп даярдаган эмеспиз, каржы маселеси да чечилген эмес.
Андан сырткары, керектүү адистерди тандай албай калганбыз. Биз азыр анын себептерин так аныктап, кайсы талаптарды аткаруу керектигин аныктап жатабыз. 2019-жылдын биринчи кварталында ал тизмеден чыгабыз", — деди Калилов. Эске салсак, кара тизмеге Эл аралык жарандык авиация уюмунун талабына жооп бербеген өлкөлөр кирет. Ал мамлекеттердин учактарына Европа Биримдигинин аба мейкиндигине кирүүгө тыюу салынган.