Жаңылыктар
Балык чарбасына кызыккандардын саны артууда
Айыл чарба
Балык чарбасына кызыккандардын саны артууда

Өзгөндүн Кош-Коргон айылынын тургундарынын арасында балык чарбасына кызыккандардын саны артууда. Бул чарбаны өздөштүрүүнүн сырлары туурасында эл аралык уюмдар тарабынан атайын окутуулар уюшулган. Анын жыйынтыгында, 16 жаранга өз ишмердүүлүгүн баштап кетүү үчүн каражат берилген. Жаңыдан балык чарбачылыгын өздөштүргөндөр да болду. Мында жаңы жумуш орундары ачылып жатат. 

Кыска убакыттан ичинде, жергиликтүү дүкөндөрдө балыктын үч түрү сатыкка чыгарын фермерлер билдирет. Кирешелүү тармактын бул түрүн колго алам деген айыл тургундарына жергиликтүү бийлик жер таап берүү жоопкерчилигин алган. Балык чарбачылыгына пайдалануучу жерди фермер жеңилдетилген шарттары менен ижарага ала алат.