Жаңылыктар
Баткенде кара куурай өскөн аянттар өрттөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде кара куурай өскөн аянттар өрттөлдү

Баткен районундагы Орто-Боз айылында жапайы кара куурай өскөн бир гектар аянттагы кара куурайлар милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тарабынан күйгүзүлдү. Натыйжада бир тоннага жакын жапайы кара куурай тамыры менен жок болду. 

Иш-чара “Мак-2018” операциясынын алкагында өткөрүлдү. Тиешелүү органдардын айтымында, жапайы куурайларды жок кылуу, кылмыштуулуктун алдын алууга өбөлгө болот. Бул операциянын негизинде, Орто-Боз айылында үч жылдан бери жапайы кара куурайлар жок кылынып келет.