Жаңылыктар
Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан айдоочу каза болду
Кырсык
Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан айдоочу каза болду

4-августка караган түнү Бишкек—Торугарт унаа жолунда жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен айдоочу көз жумду. Күбөлөрдүн айтымында, «Ниссан Алмера» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан айдоочу жолдун оңдолуп жаткан тилкесинде кырсыкка кабылган.

«Айдоочу 50-60 жаштагы адам экен. Кырсык болгон жерге шагыл төгүлүп, жол оңдолуп жаткан. Унааны шагыл тартып кетиши мүмкүн», - дешти алар.

Ал эми Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы айдоочу көз жумган.

«4-августка караган түнү саат 02:50 чамасында Бишкек—Торугарт жолунун 45-чакырымында жол кырсыгы катталды. Анда «Ниссан Алмера» үлгүсүндөгү унаанын 1953-жылы туулган айдоочусу — Бишкек шаарынын тургуну Ш.Б. рулду башкара албай, жолдун тилкесинен чыгып кеткен. Ал жерде жол кургак, эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошондой эле жол четиндеги чырактар күйүп турган», - деп айтылат маалыматта.