Жаңылыктар
Ош шаарында “Манас таануу" интеллектуалдык таймашы өттү
Билим
Ош шаарында  “Манас таануу" интеллектуалдык таймашы өттү

Ош шаарында Коомдук биринчи каналдын “Келечек” студиясы, Билим берүү министрлиги жана "Саякбай" эл аралык фондусунун катышуусундагы “Манас таануу" интеллектуалдык таймашы өттү. Анда Ош шаарынан жана райондорунан иргелип келген 12 команда бет келишти. 

Сынак 5 тур менен өтүп, аларга Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы Манас эпосунан суроолор берилип, кимдин мыкты экендигин белгилүү манасчылардан куралган калыстар тобу аныкташты. 

Жеңүүчү аталган алдыңкы 2 команда Бишкекте өтчү республикалык таймашка жолдомо алат. Коомдук биринчи каналда 5 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан “Манас таануу" интелектуалдык таймашынын балдарга тарбия берүүдөгү орду чоң.