Жаңылыктар
Бишкектен Анталияга багыт алган учак абага көтөрүлүп, кайра конду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектен Анталияга багыт алган учак абага көтөрүлүп, кайра конду

Бишкектен Анталияга багыт алган учак абага көтөрүлгөндөн соң, кайра 3 мүнөттөн кийин артка кайтып келди. 

"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдиргенине караганда, учактын кыймылдаткычтарынын бири туура эмес иштеп баштагандан улам, аэропортко кайра кайтууга туура келген. 

Бортто 111 жүргүнчү, алты экипаж болгон. Окуянын чоо-жайын Жарандык авиация агенттиги иликтөөдө.