6-августка караган түнү саат үч жарымдар чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан кабарлашкандай, зилзала Тоң районундагы Ак-Сай, Кызыл-Туу жана Тогуз-Булак айылдарында сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала маалыматтарга таянып, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдирди.