Жаңылыктар
ӨКМ: куткаруучулар жаңы техниканы колдонду
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: куткаруучулар жаңы техниканы колдонду

29-мартта Ала-Арча капчыгайында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен кубаттуулугу күчтүү насостук жаңы жабдуу текшерилди. Министрликтин алдындагы өрткө каршы мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери мындай ыкманы биринчи жолу колдонду.

Текшерүү маалында ЗИЛ- А моделиндеги ПНС-110 атайын өрт өчүрүүчү автоунаасы колдонулду. Ал секундасына 110 литр сууну 2000 метр алыстыка чейин чыгарганга мүмкүнчүлүгү бар. 

Эскерте кетсек, буга чейин тоолуу аймактардагы өрттү өчүрүү үчүн унаа бара албай калган жерге суу жеткирүү түмөн түйшүктү жаратып келген.