Жаңылыктар
Талас: Алмалуу-Тоодогу өрт өчө элек
Аймак
Талас: Алмалуу-Тоодогу өрт өчө элек

Таластагы Манас районунун Пакровка айыл аймагына караштуу Алмалуу-Тоодо чыккан өрт кечээ кайра жанданды. Мурда жайык жерде күйүп жаткан өрт, кечээ кайра тутанып, Манас райондук "Кара-Арча" токой чарбасынын аймагына жетип 50 гектар аянтты күйгүзүп жетти. 

Өрттү өчүрүүгө жергиликтүү ыктыярчылар, токойчулар тартылып, жалпы 400 адам тилсиз жоо менен күрөшүүдө.

9 күн мурун өрт чыккан Алмалуу-Тоо Манас районундагы Кара-Арча айылынан бир топ жогору жайгашкан. Андагы өрттүн түтүнү учурда коюуланып, алыстан көрүнөт. 

Натыйжада 1000 гектардан ашык жайыт күйсө, кечээтен тартып, Кара-Арча токойунун 50 гектардай аянты өрткө дуушар болду. Кара-Арча айыл четинен ары карай Алмалуу-Тоого өрт өчүрүүчү ыктыярчылар 4 саатта жөө жетишкен.

Белгилей кетсек, бүгүн эртен менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкектеги кенсесинен 76 куткаруучу Таласты карай жолго чыкты. Буга чейин Чүй, Жалалабад облустарынын токойчулары да өрт өчүрүүгө жардамга келишкен.