Жаңылыктар
Ат-Башынын Кара-Суу айылындагылар өз күчү менен ички көчөлөрүн оңдоодо
Аймак
Ат-Башынын Кара-Суу айылындагылар өз күчү менен ички көчөлөрүн оңдоодо

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын ички көчөлөрү оңдолуп жатат. Буга жергиликтүү тургундар өздөрү да киришүүдө. Элеттиктердин мындай демилгесине жеке ишкерлер тарабынан колдоо көрсөтүлдү. 

Бул Ат-Башынын Кара-Суу айылы. Азыр элетте иш кайнап, элдин баары чогулуп, көкөйгө тийген жолду оңдоп жаткан учурлары.

Учурда Кара-Суу айылында 6 чакырым жолго шагыл төгүлүп бүттү. Буга жеке ишкер 400 000 сом акча берген. Эми дагы айылдын ички көчөлөрүн оңдоп-түзөө жумуштары жүрмөкчү.

Жолу оңолгондун иши оңолот демекчи мындай демилгелер эл арасында көп болсо, элеттиктердин эңсеген иштери да орундалышы бышык.