Жаңылыктар
Сатуудан алынган салыктын көтөрүлүшү күтүлүүдө
Экономика
Сатуудан алынган салыктын көтөрүлүшү күтүлүүдө

Экономика министрлиги сатуудан алынган салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Олег Панкратовдун айтымында, анын негизги максаттуу тобу - ири соода ишканалары. 

Мыйзам долбоору жылдык соода жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки кичи жана орто бизнес ишкерлерине тиешеси жок.

Сатуудан алынуучу салыкты жогорулатуу демилгеси накталай эсептерге гана тиешелүү. Накталай эмес төлөмдөрдү - акча которуу, электрондук капчык, пост-терминал же башка ыкма аркылуу ишке ашырууда акча алынбайт.

Кыргызстанда 2 пайыздык сатуудан алынуучу салык системасы 2015-жылы киргизилген. 2016-жылдан тарта ушул сектордогу накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү 10 пайызга көбөйгөн.

Эгерде 2015-жылы накталай эмес төлөмдүн үлүшү 35,3 пайыз болсо, ушул жылдын биринчи үч айында 44,2 пайызды түздү. Экономика министрлигинин алдын ала божомолу боюнча сатуудан алынуучу салыктын баасынын жогорулашы үч жылдын ичинде аталган көрсөткүчтү 80-90 пайызга көбөйтүшү мүмкүн. 

Ошондой эле өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмүн көлөкөдөгү экономиканы кыскартунун эсебинен эки эсеге жогорулатышын шарттайт.