Жаңылыктар
Кыргыз Эл артисти Турсун Уралиев дүйнөдөн кайтты
Маданият
Кыргыз Эл артисти Турсун Уралиев дүйнөдөн кайтты

      Радиорежиссер, актер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Турсун Уралиев кечээ 6-августта 85 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнөдөн өттү.

     Турсун Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Кара-Жал айылында туулган.

    1957-жылы Ташкент шаарындагы Н. Островский атындагы театралдык институтту аяктаган. Эмгек жолун Кыргыз Мамлекеттик драма теарында актер болуп иштөөдөн баштаган.

     1958-жылы КТРга режиссер болуп кабыл алынып, 50 жылдан ашуун мезгил ушул чыгармачыл чордондо талыкпай эмгектенди.Турсун Уралиев Кыргыз радиосунун алтын казынасын түптөгөндөрдүн бири.

      Радиорежиссураны калыптандырып, өнүктүрүп, көптөгөн шакирттерди тарбиялады. Ал чоң чеберчилик менен жасаган жүздөгөн радиопьесалар, постановкалар, көркөм окуулар Радионун алтын казынасында сакталуу.

     Т. Уралиев кыргыз элине актер катары да белгилүү болду. Ал көптөгөн көркөм тасмаларда эпизоддук ролдорду мыкты аткарган.

     1994-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардактуу наамы берилген. Манас 1000 жана Даңк медалдарынын ээси. 

     Маркумдун сөөгү 8-август күнү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет. Коштошуу тажыясы саат 10.30да КТРК имаратынын алдында өтөт.