Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Азия оюндарына бара турган спортчулар менен жолукту
Спорт
Сооронбай Жээнбеков Азия оюндарына бара турган  спортчулар менен жолукту

XVIII Азия оюндарына Кыргызстандын атынан мыкты спортчулар барат. Бул олимпиада оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтүүсү күтүлүүдө. 


Мына ушул жайкы олимпиада оюндарына электен өтүп, тандалып бара жаткан спортчуларга Президент Сооронбай Жээнбеков ийгилик жолдоп, Кыргызстандын желегин желбиретип, байгелүү орундарды багындырып келүүсүн каалаган тилектерин билдирди.


Чоң мелдешке ат салышчу спортчулардын катарында жаштар көп. Алар республикалык жана башка өлкөлөрдө өткөн спорттук таймаштарда такшалып, мыктылары Азия оюндарына жолдомо алышкан. Арасында алгачкы ирет ири мелдешке катышып жаткандары да бар. 

Бул жолку Азия оюндарына Кыргызстан спорттун волейбол түрү боюнча биринчи жолу ат салышмакчы. Анткени кыргызстандык курама команда коңшу өлкөлөрдөн алдыга озуп, мыкты оюнчулар экенин далилдеп Азия өлкөлөрүнүн ортосунда өтүүчү таймашка жолдомо алган.

Азия оюндары Индонезиянын ири шаарларында өтүп жарым айга жакын созулат. Оюндун программасында 462 медаль ойнотулуп, ага 45 мамлекеттен 10 миңге чукул спортчу күч сынашат. Алардын катарында Кыргызстандан 180ге жакын спортчу спорттун 21 түрү боюнча катышат. Жалпы баруучу делегациянын курамы 200дөн адамдан көп.

Мамлекет башчы өлкө намысын коргоп бара жаткан жаштарга жолугуп, Азия континентиндеги миллиондогон спортчулардын арасынан мелдешке жолдомо алуу чоң жетишкендик деп баалады. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү мыкты спортчулар менен жолугуп жатканына кубанып турганын жашыра алган жок.