Жаңылыктар
Тойдогу ашыкча чыгымдардын саны азаябы?
Кыргызстан жаңылыктары
Тойдогу ашыкча чыгымдардын саны азаябы?

Күрдөөлдүү күздүн жакындашы менен аш-тойлор, тушоо-кесүү, мааракелик майрамдар, үйлөнүү-үлпөттөр көбөйдү. Аны менен кошо ашыкча чыгымдар, тарыхта жок салттар да колдонулуп жатканы коомчулук тарабынан байма-бай айтылууда. 

Тойлордо 10 догон койлор, жылкылар союулуп, эзели кийилбеген Кытайдын сапатсыз көйнөк-калпактары “кийит” деп колдон колго өтүп келгени айтылууда. Катар-катар тизилген кымбат машиналар, элге толгон кафе-ресторандар, дүңкүлдөгөн музыка, улуу-кичүү аралашып бийлеген үлпөттөр да акыркы 3 жылдан бери ошол эле коомчулук тарабынан кескин сынга да алынып келет. Бирок азырынча эч майнап чыга элек. 

Эми социалдык тармактарда тойдун убактысын кыскартуу демилгеси кайрадан көтөрүлдү. Анда тойканада өткөн үлпөттүн узактыгын төрт саатка, тосттун санын 3-4кө, тартылчу тамак-аштын санын 2 ге кыскартууга боло тургандыгын айтылган. Ушул эле 4 сааттын жок дегенде 1 саатын нарк-насил, каада-салт, тил менен дилдин, диндин тазалыгын, аларды турмушта туура кармануу эрежелерин айтууга, ушул боюнча оюн,суроо-жоопторго арноо керек дейт демилгечилер. Деги эле кыргызда куда тосуу, кыз узатуу, үйлөнүү үлпөт-тойлорунда “Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык” берүү салтта барбы?

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"