Англия Кыргызстанга инвестиция салууга кызыктар жана бул позицияда төртүнчү орунда турат. Мындай пикирин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Бүгүнкү күнү инвестициялык, соода жана эл аралык финансылык булактар аркылуу тартылган каражаттарды жалпылап алганда Лондон жылына өлкөгө 20 миллион фунт стерлингдин тегерегинде каражат салууда. Кыргызстандын мыйзамдары чет элдик ишкерлер үчүн да жагымдуу экенин белгилеген Британдыктар, бул багытта дагы мүмкүнчүлүктү кеңейтүүнүн 3 факторун атады. Анын бири коорупция менен күрөшүүдө оң багытта бараткан жолду улантуу.
Ал эми жергиликтүү эксперттер Англия экономикасы дүйнөдө 5-орунда тураарын, тоо кен, энергетика, туризм, билим берүү жана жаңы технологиялар боюнча артыкчылыка ээ экенин белгилешүүдө.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"