Жаңылыктар
Кара-Буура району боюнча 290 гектар аянтка кант кызылчасы эгилген
Айыл чарба
Кара-Буура району боюнча 290 гектар аянтка кант кызылчасы эгилген

Кара-Буура району боюнча 290 гектар аянтка кант кызылчасы эгилген. Бышыкчылык келгенде Маймак станциясында кант кызылчасын кабыл алуучу пункттар ишин баштайт. 

Айтназаровдордун үй-бүлө кирешесинин негизги булагы кант кызылчасы. Айыл четиндеги 80 сотык аянтка бир канча жылдан бери кант кызылчасын эгип, жер мээнети менен жашашат. Былтыр 90 тонна түшүм алган. Кеч күздө Маймак станциясына жеткирип, кант заводуна тоннасын 3 миң 400 сомдон өткөргөн.

Дыйкан быйылкы түшүмү 100 тоннага жетет деп үмүт кылып турат. Себеби, кызылчанын азыркы көрүнүшү берекелүү болгонунан кабар берүүдө.

Таластын кызылчалары андан ары Чүйдөгү кант заводуна жеткирилет. Дыйкандар алдын ала завод менен келишим түзүп, тоннасын 3100 сомго баалашкан.

Кара-Буура району боюнча 40 мин гектар айдоо жери бар болсо, анын 25 мин гектардай аянтына төө буурчак жана 3 мин гектарга жакын кылкандуу дан эгин эгилген.