Жаңылыктар
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган бир катар өндүрүштөр өсүү жолунда
Экономика
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган бир катар өндүрүштөр өсүү жолунда

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы 3 миллион 825 000 доллар наркындагы 10 өндүрүштү каржылаган. 

Завод, фабрикалар жеңилдетилген шартта алган насыяга өндүрүштүн кубаттуулугун кеңейткен. Алар өндүргөн продукциянын дээрлик баары экспортко багытталган. 

Желим бөтөлкө чыгарган ишкана. Фирма 20 жыл мурда ишин баштап, газдалган суусундуктар үчүн желим идиштерди даярдайт. Эл аралык стандартка ылайык иштеген ишкана дүйнөлүк, ошондой эле жергиликтүү ири ишканалар менен кызматташышат. Жылына 350 миллион бөтөлкө чыгарган компания Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан алган насыясына өндүрүштүк жаңы линияларды орнотуп, кубаттуулугун 500 миллион бөтөлкөгө чыгарганы турат.

Эркин экономикалык аймактагы насыя алып ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан дагы бир ишкана курулушка бетон чыгарат. 5 жумушчусу бар ишкана фонддон алган насыяга жүк ташуучу жана аралаштыруучу унаа сатып алган. Арийне, көйгөй жок эмес.

Жалпысынан Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду “Бишкек” Эркин экономикалык аймагындагы 3 миллион 825 миң доллар наркындагы 10 өндүрүштү каржылаган. Жеңилдетилген насыя алып, өндүрүштүн жабдыктарын жаңылап, кубаттуулугун күчөткөн ишканалардын айрымдары карызын кыска убакытта төлөп жетишти.

Орус -Кыргыз өнүктүрүү фонду өндүрүш, кайра иштетүү багытындагы чакан, орто, ири бизнести каржылайт. Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү максатында ишкерлерди мамлекеттик кепилдик фонду аркылуу колдоого алып келет. Жыл башында кепилдик фондуна 100 миллион сом берсе, жыл соңуна чейин дагы ушундай эле сумманы бөлөт.