Жаңылыктар
"Маш Ботой" күүсү БУУнун башкы кеңсесинде жаңырды
Маданият
"Маш Ботой" күүсү БУУнун башкы кеңсесинде жаңырды

"Маш Ботой" күүсү кыргыз музыканттарынын аткаруусунда Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йоркто жайгашкан башкы кеңсесинде жаңырды. Тышкы иштер министрлигинен маалымдагандай, кыргыз күүсү залда чогулгандардын узакка созулган кол чабуулары менен коштолду. 

Концерт ТҮРКСОЙ уюму уюштурган фестивалдык программанын алкагында өттү. Күүнү "Акак" жана "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин музыканттары аткарды.